Куткаруучулар Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын жансыз денесин табышты деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош облусунун Кара-Суу районунда 22-май күнү Папан айыл аймагына караштуу Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн.

23-май күнү саат 06:00дө издөө иштери улантылып саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 178