“Агасы-оппозиция, иниси-позиция” Эки бир тууган Жогорку Кеңештен орун алды

1 695

Бүгүн 26-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жаңы депутат болуп келген Нургазы Айдаровго депутаттык белги жана күбөлүк тапшырды. Ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан мөөнөтүнөн мурда мандатын тапшырган Исхак Масалиевдин ордуна келди.

Нургазы Айдаров мурда партиянын тизмесинен чыгып калган, бирок сот аркылуу өз укугун кайра ээ болгон. Ал 1966-жылы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 2010-2015 жылдар аралыгында “Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Ал эми Нургазы Айдаровдун иниси Салайдин Айдаров учурда “Кыргызстан” саясый партиясынан депутат.

Буга чейин Аскар Акаевдин уулу маркум Айдар Акаев жана кызы Бермет Акаева Жогорку Кеңешке депутаттык мандат алышкан. Бирок ошол кездеги бийликтин алмашуусунан улам ишин уланткан эмес.

Комментарии

  1. Муну кандай тушунсо болот,бир уй булого бир мандат деп кезектеги башка кишиге берсе болбойт беле бул калыстык эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь