Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 25-май күнү саат 19:30 чамасында Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан “Манас”, азык-түлүк саткан “Алинур” жана “Минутка” ашканасынын чатырларын учуруп кеткен.
Мындан тышкары Ат-Башы районунда саат 18:00 чамасында болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.
26-май күнү кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.