Бишкекте аял киши баласын алдына отургузуп унаа башкарып бара жатканын күбөлөр видеого тартып чыгарды.
Жол эрежесин бузган факт 25-майда саат 17:30дар чамасында Абсамат Масалиев жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон. Аял киши башкарып бара жаткан унаа 17 жолу жол эрежесин бузуп, айып пулу 23,5 миң сомду түзөрү айтылат.