Бүгүн 26-майда Бишкектин Лев Толстой жана Матросов көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык катталды. Анда «Мерседес-Бенц», «Тойота Ипсум» жана скутер кагышкан.
Мотоциклчен жаран кырсык болгон жерден жан бергени айтылат. Ал эми «Мерседес-Бенцтин» айдоочусу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия борборуна жеткирилди.
Окуя болгон жерде ЖКККББнын кызматкерлери иштеп жатат.