Дагы олчойгон насыя алганы жатабыз

285

Нарын облусундагы айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитария программасы боюнча Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан 32,9 миллион АКШ долларын ала турган болуп калды.

Бул маселе бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде каралып, насыялык жана гранттык ратификациялык келишим экинчи окуудан колдоого ээ болду.

Жыйын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиевдин төрагалыгы алдында өтүп, маалыматты КР өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Кокумбек Таштаналиев берди.

Ал маалымдагандай 32,9 млн.АКШ долаарынын 13,7 миллиону Азия өнүктүрүү банкынын атайын эсебинен гранттык негизде жана 13,7 миллиону насыя катары берилет. Ал эми калган 5,5 миллион АКШ долларын КР өкмөтү тең каржылайт.

Долбоорду аткарууга 6 жыл каралган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь