Депутат Каныбек Иманалиев чулдураган докладчынын “сазайын берип”, колуна карматты (ВИДЕО)

1 446

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде энергетикалык коопсуздук боюнча маселе каралып анда Өнөр-жай жана энергетика, жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Айбек Акмолдоев комитеттин мүчөлөрү тарабынан күн тартибиндеги маселеге даярдыгы жок келгендиги үчүн жеме жеп, бүгүн карала турчу маселе кийинкиге калтырылды.

Комитеттин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев “Энергетика Кыргызстандын суверендүүлүгүнө байланыштуу маселе. Бирдиктүү энергетика рыногуна кирип жатабыз. Энергетика Кыргызстандын капиталы. Методологияга кимдер катышкан. Ошолорду чакыралы. Мен азыр эч нерсе түшүнгөн жокмун”, – деп докладга келген аткаминердин өкүлүнүн сөзүн кесе бузду.

Чындыгында докладчынын сөзүн толук түшүнүү мүмкүн эместигин төмөндөгү видео тасмадан баамдаса болот. Анда ал “Бизде методология… ар бир өзү…башка мамлекеттер там…”, – деп атып өзүнүн дагы башы айланып калгандыгын байкаса болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь