Коронавирустан каза болгон М.Чолпонбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына кимдер катышты?

300

25-майда көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Акрам Мадумаров баштаган Өкмөт өкүлдөрү, коомдук-саясий ишмерлер, жакындары жана туугандары катышты.

Эскерте кетсек, Мукар Чолпонбаев дасыккан юрист катары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо жараянына жигердүү катышкан. Ошондой эле  эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууда да тажрыйбалуу укукчу катары түздөн-түз иш алып барган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын жана укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь