Жогорку Кеңештин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев депутаттык мандатын тапшырарын 21-майда билдирген.
Эл өкүлдүн ордуна мурдагы депутат Нургазы Айдаров келди. Ага бүгүн 26-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттык белги жана күбөлүк тапшырды.
Нургазы Айдаров мурда партиянын тизмесинен чыгып калган, бирок сот аркылуу өз укугун кайра ээ болгон.
Нургазы Абдыраевич Айдаров 1966-жылы Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү, 2010-2015 жылдар аралыгында “Ата-Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.