Коронавирус илдети боюнча абал турукташмайынча кыргызстандыктарга Япония өлкөсүнө кирүүгө тыюу салынды. Мындай чечимди күн-чыгыш өлкөсү 11 мамлекетке карата кабыл алды. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн премьер-министри Синдзо Абе кабарлады.
Анын айтымында, мындай чечим кыргызстандан сырткары дагы 10 өлкөгө карата кабыл алынган. Алар: Индия, Пакистан, Афганистан, Тажикстан, Аргентина, Кыргызстан, Сальвадор мамлекеттери. Япониянын премьер-министринин айтымында, аталган өлкөлөр үчүн чектөөлөр коронавирус илдети боюнча абал турукталаары менен дароо алынат.