Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев коронавируска шектелип учурда үй карантининде. Бул тууралуу өзү Kaktus.media басылмасына билдирген.
Өзүнүн айтымында, эки күндөн соң кызматка чыга алат. Комендант Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык үй карантинде болгон.
“Менин эки орун басарымдын жана айдоочунун алгачкы анализдеринен коронавирус аныкталгандыктан, мени коронавирус деп шек санашты. Бирок алардын кийинки тапшырган эки анализинде тең таза чыккан. Менин үч тестимде бардыгы коронавирус жок деп тастыкталды. Эки күндөн соң жумушка чыгам“,- деп белгиледи Аалиев.