150 миң сом пара менен кармалган Жети-Өгүз районунун улук прокурорунун жардамчысы К.А. эки айга УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдирди.
24-майда К.А.га карата бөгөт чарасы каралып, аны 22-июлга чейин камакка алуу чечим чыккан.
Эске салсак, прокурордун жардамчысы жазаны жеңилдетип берүү чечимин кабыл алып берем деп 2000 миң доллар талап кылган.