Россиянын Камчатка аймагында курулушта иштеген Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу аталган аймактын Тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 25-майда күндүз болгон. Эки жумушчу — Кыргызстандын 1984-жылы туулган эки жараны үйдүн чатырын коргоочу каражаттары жок оңдоп жатканда кулап кетишкен. Алардын бири окуя болгон жерде каза болсо, бири ооруканага жеткирилди, учурда жандандыруу бөлүмүндө.
Тергөөчүлөр учурда окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат.
Булак: Баракелде