Садыр Жапаровдун бир тууганы Райкүл Жапарова кармалды

527

Эркинен ажыратылып абакта жаткан Садыр Жапаровдун бир тууганы Жапарова Райкүл Интерпол аркылуу Польшадан кармалды. Бул тууралуу маалыматты ИИМдин басма-сөз кызматы маалымдады.

Буга чейин Жапарова Райкүл Бишкек шаардык Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соту тарабынан кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Өкүм анын өлкө аймагында болбогондугунан улам сыртынан угузулган.
Маалым болгондой Жапарова Райкүл 22-майда Польшанын укук коргоо органдары тарабынан кармалып, учурда аны кыргызстанга экстрадициялоо боюнча маселелер каралып жатат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь