Казакстандын Абай шаарында тез жардам кызматынын дарыгерлери чакырууга мас абалында келишкен. 88 жаштагы улгайган аялга тез жардам кызматын чакырткан жашоочулар дарыгерлердин абалын видеого тартып алган. Ал социалдык тармактарда тарап, видеодо дарыгер өзүн мас эмес, кекеч экенин айтып жатканын көрүүгө болот.

Абайдын жашоочусу ичип алган дарыгерлер тобунун кызматынан баш тартышкан.

“Диспетчер кесиптештери мас абалда келгенине эч ишенбей коюшту. Бирок бул чындык!”,- дейт тез жардамды чакырткан тургун. Башка дарыгерлер тобу келип чоң эненин акыбалын карап кетишкен. Бейтаптын жакындары бул окуяны териштирүү үчүн станцияга барышып, ал жактан дагы кызыктай көрүнүшкө күбө болушкан. Гаражда аялдардын ачуу кыйкырыгы угулган. Бул окуя боюнча нааразы болгон жарандар полицияга арыз жазышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги окуяга катыштыгы бар дарыгерлер 25-майда иштен айдалганын, саламаттык сактоо тармагында иштебей калганын билдирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 749