Элчи өзү батасын берип узатты. Москвадан Бишкекке 319 кош бойлуу келин учту (ВИДЕО)

370

Бүгүн 26-майда Москва шаарынан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 372 жаран учуп кетти. Бул каттам менен 5 айдан 8 айга чейинки мөөнөттөгү 319 кош бойлуу аялдар, ошондой эле 2 жашка жете элек балдары менен 53 эне жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдирди.

Бардык кош бойлуу аялдар кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалым кат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.

Ошондой эле бул каттам менен баасы “эконом-класс” багытындагы орундардан 6 эсе жогору “бизнес-класс” багытынан орун алган 26 жаран жөнөтүлдү.

Негизинен алар оорукчан жарандар, ошондой эле жакындарынын каза болгондугуна байланыштуу чыккан аялдар болду. Мындан сырткары, россия тарабынан бул каттамга РФнын жарандары болуп саналган 5 жаран киргизилди“,-деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин корутундусу боюнча 33 кош бойлуу аялган учууга уруксат берилген жок, себеби, мөөнөтү чоң болгон жана ар кандай патологиялары катталган (учуу үчүн тизмеге жазылган эки кош бойлуу аял каттам учканга чейин көз жарышкан).

Кезекте дагы 1500дөй оорулууар, боюнда бар аялдар, жашы жете балдар, улгайган жарандар турат. Элчилик сабырдуулук менен күтүп турууга чакырды.

Аликбек Джекшенкулович батасын берип айымдарды узатты.Рейс Москва -Бишкек 26.05.2020Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы ЭлчилигиГулбарчын Байымбетова (Gylbarchin Baiymbetova)Венера Токторова (Жылдыз Кадырова)Рус ХанНадыр МурасШайлообек КурбаналиевГаныев Али (Жети Облус Москва Биримдиги)Жетинчи каналТимур СаралаевБеккул ДжекшенкуловAygerim BerlinovaАрсен КудашовАскат Алиев

Опубликовано Акаковом Айбеком Понедельник, 25 мая 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь