Бишкек шаарынын чок ортосунда чаламандын чак түшүндө эркек киши заңдап жаткан видео чыкты. Окуяга күбө болгон социалдык тармактын колдонуучусу адепсиз адамды милиция кармады деген үмүттө.
Видеодо көрүнүп тургандай жашы 45-50нү чамалаган эркек киши бактын түбүнө отуруп заңдаган. Ал ордунан туруп шымын шымдап басып кетти. Айланасында адамдар унаалар жүргөнүн көрүүгө болот.