Жалал-Абаддан жоголуп кеткен балдар Чүй облусунан табылышты. Жакындарынын айтымында, 8-класстын окуучулары мындан үч күн мурда Токтогул районунун Жаңы-Жол айылынан чыккан бойдон дайынсыз жоголушкан.
Балдар жумуш издеп Кара-Балта шаарына келишкени белгилүү болду. 24-майдан бери дайынсыз болгондор 26-май күнү табылышты. Окуучулардын абалы жакшы экени айтылат.