ИИМ: Гуля Алмамбетованын билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт

337

Интернет-сайттарда Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Гуля Алмамбетова өткөрмө кагаздарын берүү маселелери боюнча ИИМге чакырылганы жөнүндө маалыматтар тарап жатат.

ИИМдин Тергөө кызматы өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарынын Комендатурасы тарабынан өткөрмө кагаздары берилген фактылар боюнча кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иликтөө, тактоо багытында ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

29-апрелде жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясына өткөрмө кагаздарынын берилиши боюнча аларда болгон маалыматтарды ИИМге берүү боюнча атайын кат жиберилген. Сотко чейинки өндүрүш учурунда Алмамбетова сотко чейинки өндүрүштүн күбөсү же башка катышуучусу болуп эсептелбейт. Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэринин коомдук иштер боюнча кеңешчиси Г.Алмамбетова Тергөө кызматына суракка чакырылган эмес жана анын бул боюнча билдирүүлөр чындыкка дал келбейт“,- деп билдирет ИИМден.

Эске салсак, буга чейин Гуля Алмамбетова коммуналдык кызматкерлерге жана ыктыярчыларга өткөрмө кагаз алып берүүдө жардам бергенин айтып, бирок бул боюнча түшүндүрүү үчүн ИИМге чакырылганына нааразылыгын билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь