Кыргызстандык келиндер өзбекстандын аймагына киргизилди

344

Кыргызстанга карантин иш чаралары киргизилгенге чейин Ош аймагына Өзбекстандан 50гө жакын коңшу өлкөгө келин болуп кеткен кыргызстандык аял кирип, бирок карантин киргизилгенден кийин кайра үй-бүлөлөрүнө кеталбай калган.

Мамлекеттик чек ара кызматы жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын бирине берген маалыматында 50 кыргызстандык келин жакында үй-бүлөлөрүнө кайтышкандыктарын билдирди.

Белгилей кетсек, аларды кыргызстандык тарап өткөргөндүгү менен өзбек тарап өзүнүн чек ара аймагына киргизбей жаткан болчу. Мындан улам ондогон келин убагында Тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнө кайрылган болчу. Эми андан жыйынтык чыгып, кыргызстандык келиндер “Достук” чек ара өткөрмө бекетинен өзбекстандын аймагына киргизилип, үй-бүлөлөрү менен биригишти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь