Маданият министрине таштанды чыгаруу сунушталды (ВИДЕО)

221

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов “тарыхый, маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу, теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү” жөнүндө мыйзамды алып келип ал депутаттардын арасында ар кыл пикирлерди жаратты.

Айрымдары мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өкмөт цензурага жол берип жаткандыгынан шектенсе, айрымдары учурдагы өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды эске алуу менен мыйзамдагы өзгөтүүлөр учурдун талабы эмес экендиктерин айтышты. Себеби, мыйзамга өзгөртүүлөр кирип кала турган болсо ал өкмөт тарабынан мыйзамды ишке ашыруу үчүн кошмча каражатты талап кылат.

Андан сырткары, эл өкүлдөрү министр Азамат Жамангуловго башка суроолорду дагы биреп, айрымдары министрлик Бишкек-Ош автожолундагы таштандыларды тазалоого дагы үндөштү.

МАДАНИЯТ МИНИСТРИНЕ ТАШТАНДЫ ЧЫГАРУУ СУНУШТАЛДЫ

МАДАНИЯТ МИНИСТРИНЕ ТАШТАНДЫ ЧЫГАРУУ СУНУШТАЛДЫ

Опубликовано Элдик медиа Дадим слово каждому Среда, 27 мая 2020 г.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь