Нарындагы обсервациядан качып кеткен 20 аял тууралуу маалымат тарады

526

Нарын шаарынын төрөт үйүнөн 20дан ашуун аял коронавируска анализ тапшырып, экинчи ПЦР анализинин жыйынтыгы чыкканга чейин мекемеден уруксатсыз кетип калышкан. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма-сөз кызматы билдирди.

Буга чейинки айрым такталбаган маалыматтарга караганда төрөт үйүнүн бир нече бейтаптары жана медициналык кызматкерлери коронавируска шектелгенинен улам ондон ашуун аял төрөт үйүнөн терезе, эшиктерди талкалап качып кеткен. Бирок, бул маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын белгилешет өкүлчүлүктөн.

Белгилүү болгондой келиндер төрөт үйүнүн обсервациясында болгон. Учурда бардык бейтаптар кайра ооруканага алып келинген. Учурда бул окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь