Нарында санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айыппул салынганын өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди. Анын айтымында, 3-майдан бери мобилдик топтор тарабынан 329 объектке санитардык сунуштамалар берилген.
Алардын 62сине акт түзүлүп, 15 жооптуу кызматкерге 15 миң өлчөмүндө айыппулдар салынган. Нарын шаарында 5, Нарын районунда 2 жана калган райондордо бирден мобилдик топтор иштеп жатат. Алар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук жайларда элдин топтолушуна бөгөт коюу, азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөө боюнча иштеди алып барып, соода борборлорун текшерүүдө.
Алымкулов кошумчалагандай, Нарында 20-мартта республикалк мааниде 3 пост уюшулган. Алар Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда.
“Ошондой эле Ат-Башыда 3, Нарын шаарында 4, Нарын районунда 5, Жумгал районунда 1, Ак-Талаа районунда 2 пост иштеп жатат. Анда 98 кызматкер кызмат өтөөдө”, – деп белгиледи ал.