Ошто өспүрүм кызды зордуктады деп айыпталган “Казак” соттолду

325

Ош шаардык соту “Казак” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду 10 жылга эркинен ажыратты.

Умар Маратов жашы жете элек өспүрүм кызды зордуктоодо күнөөлү деп табылып, 26-майда соттун өкүмү чыкты.

Сот буга чейинки үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасын өзгөртүп камакка алды. Өкүм акыркы эмес жана Ош облустук сотуна даттанылышы мүмкүн.

Эске салсак, УКТнын мүчөсү оор кылмыштарды, айрыкча жашы жете элек кызды зордуктоого, ошондой эле Оштун экс-мэринин бир тууганына талап-тоноочулук уюштурган деп айыпталууда. Шектүүнү үй камагына чыгарган судьяны президент иштен айдаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь