Коомдук коопсуздук кеңеши Бишкекте дайынсыз жоголгон Расул Гаджиевди табышууга жардам сурайт. 1960-жылы туулган Расул Гаджиев 26-майда саат 16:00дөр чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон кайткан эмес. Изделип жаткан жаран психикалык жактан жабыркайт.
Жоголгон күнү ал кара түстөгү шым, ак түстөгү толстовка, сызыкча футболка кийип жүргөн. Бою: 168 см, салмагы 80кг, ак баскан чачы жана сакалы бар.
Гаджиевдин жүргөн жерин билгендер болсо төмөндөгү номерге кабарлап коюңуздар: +996 755 07 47 20, +996 555 23 04 90.