Россия Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчулук кызмат көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу аталган мамлекеттин ТИМ башчысы Сергей Лавров шейшемби күнү ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин видеоконференция форматында өткөн жыйынынан кийин билдирди.
Чогулушту RT түз эфирден көрсөттү деп жазат Sputnik басылмасы.
“Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы дайыма түшүнбөстүк болуп келет. Тилекке каршы, абал курчуп баратат. Биз союздаштарды күч колдонуудан мүмкүн болушунча баш тартып, сүйлөшүүгө чакырабыз. Ортомчулук кызматыбызды көрсөтүүгө даярбыз. Кырдаал канчалык тез жөнгө салынса, ошончолук жакшы“, — деген министр.
Лавровдун айтымында, бул маселе тууралуу Россия тарап Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тышкы иштер министрлеринин кеңешининин онлайн жыйынында да өз өнөктөштөрүнө билдирген.