Сокулукта 20 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

287

26-майда саат 17:00дө Сокулук районунун Фрунзе айылындагы “Восточное” көлүнө 2000-жылы туулган жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерге келген 9 куткаруучу сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ӨКМ жарандарды сууга түшүү маалында коопсуздук чараларын сактоого жана жашы жете элек балдарды көзөмөлдөөгө чакырат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь