25-май күнү Сузак районундагы айылдардын биринде өзүн бензин чачып өрттөгөн 24 жаштагы жигит ооруканада жатып каза болду. Жабырлануучу ооруканага 98% денесине күйүк алып түшкөн, кечээ 26-майда жан берди. Ал эми жанындагы 1970-жылы туулган И. С. денесинин 40% күйүп, учурда абалы орточо.
Маалым болгондой, Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылынын 1996-жылы туулган тургуну Сузактагы сүйлөшкөн кызына барган. Бирок ата-энеси кызын жаш деп бербей койгон соң ушундай кадамга барган. Өрттөн жабыркап, ооруканада жаткан экинчи киши кыздын атасы экендиги айтылат.
Окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү ресстрине «Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылуу» катары катталып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Айрым маалыматта жаш жигит дүлөй жана дудук экени айтылат.