Бүгүн Кыргызстанда COVID-19 илдетин жуктуруп алган жаңы 52 учуру катталып, жалпы илдетке чалдыккандардын саны – 1520га жетти. Жаңы учурдун басымдуу бөлүгү (17 учур) Нарын облусунда катталган.
Эми дүйнөдөгү кырдаалга көз жүгүртүп көрсөк. Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча учурда дүйнөдө ооруну жуктуруп алгандардын жалпы саны – 5 млн 543 439, анын ичинен көз жумгандар – 347 836 жана айыгып кеткендердин саны -2 млн 266 394 адамды түзөт.
Эң көп катталган 5 өлкө:
- АКШ – 1 млн 669 040
- Бразилия – 374 миң 898
- Россия Федерациясы – 362 миң 342
- Улуу Британия – 266 миң 590
- Испания – 236 миң 259
Ал эми вирус алгачкы болуп аныкталган Кытай өлкөсү учурда 14-орунда турат. Ал жерде – 84 миң 102 учур катталып, 4638 адам каза болгон.
Кыргызстанга чектеш жайгашкан өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаал төмөндөгудөй:
1.Казахстан -8 миң 969 учур катталып, 35 адам каза болду
2.Өзбекстан – 3 миң 281 учур катталып, 13 адам каза болду
3.Тажикстан – 3 миң 266 учур катталып, 47 адам каза болду
Ошентип, Тажикстанда ооруга чалдыккан адамдардын саны Өзбекстандагы ооруга чалдыккандардын жалпы санына жакындап калды.