Улуттук банктын кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу төрага Толкунбек Абдыгулов бүгүн маалымат жыйында айтты. Ал билдиргендей, аял кызматкер учурда ооруканада дарыланып жатат, абалы жакшы. Бейтап менен байланышта болгон 40 адам карантинге алынды.
Улуттук банкта башка коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок деп ишендирди Абдыгулов.
Белгилей кетсек Кыргызстан COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны 1520га жетти.
Абдыгулов карапайым адамдардын чын эле кыйналып жатканын эми тушунгондур.Ошон учун кредиттердин проценттерин пенясын сыйы менен жойдуруп койсо болмок биз толой албай кыйналып жатабыз.