24-июнда Москвада Жеңиш күнүнө арналган парад өтөт

262

Москвада 24-июнь күнү Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад өтөт. Россиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга парадды өткөрүүгө жана коопсуздук сактоого даярдык көрүүнү тапшырды.

Путин ошондой эле “Өлбөс полк” жүрүшүндө социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес экендигин, ошондуктан аны 26-июлда, деңиз флотунун парадынан кийин өткөрүү пландаштырылгандыгын белгиледи.

Жеңиш парады жана Өлбөс полк акциясы 9-майда өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылды.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь