2020-жылдын 27-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 52 учур катталды:
Бишкек ш. – 9 + 2 Россиядан келген аскер кызматкерлеринен
Чүй облусу – 3 + 8 Соль-Илецктен келгендерден
Ош ш. – 7
Ош облусу – 2
Баткен облусу – 1
Жалал-Абад облусу – 3
Нарын облусу – 17
Республика боюнча: 1520
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 5
• Ош облусунда – 7
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 299 учур катталды, алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.