Бишкекте үй ээсин сабап акчасын жана алтын буюмун уурдап кеткендер кармалды

469

Бишкекте каракчылыкка шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 26-майда милициянын нөөмөт бөлүмүнө кол салуу боюнча билдирүү келип түшкөн. Милиция кызматкерлери медициналык беткапчан белгисиз жарандар 62 жаштагы эркек кишинин үйүнө терезе аркылуу киргенин аныкташты.

Каракчылар үй ээсинин денесине залал келтирип, 120 миң сом жана 10 миң сомго бааланган алтын шакегин уурдап кетишкен.

Бул факт 202-берене менен КЖБРге каттоого алынып, бир нече сааттан кийин эле Бишкектен каракчылар колго түшүрүлдү. Кармалган жарандардан уурдалган алтын жана тапанча табылган. 65 жаштагы К.А. жана 44 жаштагы Б.В. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь