Россиядан келген 131 кыргызстандык жарандан коронавирус чыкты. Бул тууралуу 28-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
“Жалпысынан, COVID-19 вирусу менен Соль-Илецктен келгендердин арасынан – 101, Бузулуктан – 8 жана Россия Федерациясынан келген курсанттардын ичинен – 52 учур катталды”, – деп билдирди Үсөнбаев.