Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 35 жаштагы киши көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
27-майда саат 18:44дө Пристань-Пржевальск айылында көлмөгө 1985-жылы туулган Х.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. КР ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрткө каршы кутаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен.
.