Карантин режиминде уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрү
5-этап
2020-жылдын 1-июнунан тартып:
– Керектөөчү товарларды жана тамак-аш азыктарын өндүрүү жана соода-сатык чөйрөсүндөгү иштин бардык түрлөрү;
– Калкты тейлөө кызматтары тармагындагы иштин бардык түрлөрү;
– Аудит жана консалтингдик компаниялар;
– Жарнама агенттиктери;
– Туристтик жана эс алуу жайлары (эс алуу үйлөрү, пансионттар, тарыхый жайлар ж.б.), жеке унаалар менен саякаттоо сунушталат.
2020-жылдын 5-июнунан тартып:
– Мектепке чейинки билим берүү жаатындагы уюмдардын ишмердүүлүгү.
2020-жылдын 8-июнунан тартып:
– Ички рейстер (Бишкек-Ош каттамы, күнүнө бир жолу).
МААНИЛҮҮ: Көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сактоо менен жаңылоо керек, эпидемиологиялык кырдаалга карата уруксат берилген экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмесине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Мындан тышкары, төмөнкү багыттар боюнча айрым чектөөлөрдү калтыруу сунушталууда, алар:
– маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана массалык иш-чараларын өткөрүү;
– көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгү (түнкү клубдар, караоке, кальян ж.б.);
– интернет-клубдардын, ошондой эле компьютердик оюн жайларынын ишмердүүлүгү;
– кинотеатрлардын ишмердүүлүгү;
– соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан тамактануу пункттарынын ишмердүүлүгү;
– балдар оюн-зоок жайларынын, оюн аянтчаларынын ишмердүүлүгү, анын ичинде соода жана оюн-зоок борборлорунда жайгашкан;
– билим берүү борборлорунун ишмердүүлүгү (тил курстары жана билим берүү кызматтарынын башка түрлөрү) гигиена нормаларын жана келгендердин ортосундагы аралыкты сактоо учурунда гана);
– автобус, микроавтобус аркылуу шаарлар аралык жана аймак аралык жүргүнчүлөрдү ташуу.