Афроамерикалык Флойддун өлүмү полицияга карата кыжырданууну жаратты (видео)

349

Миннеаполисте 46 жаштагы афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин миңдеген кишилер нааразылык билдирип чыкты. Полиция Флойдду кармаган учурда аны муунтуп, ошондон деми кыстыгып өлгөнү айтылууда.

Нааразылык билдиргендер полиция бөлүмүн курчоого алышкан. Ал жердеги полиция кызматкерлери үйдүн чатырына чыгып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Полиция кызматкерлерин тик учактын жардамы менен коопсуз жайга чыгарып кетишкен. Нааразылык билдирип жаткандар имаратка кирип келип, өрттөп салышты деп кабарлады Fox News.

Бир күн мурун дагы полиция бөлүмүнүн алдында кагылышуулар болгон. Миннеаполистеги кагылышуулар шейшемби күнү башталган эле. Жүздөгөн кишилер Флойд каза тапкан кесилишке чогулушкан.

Миннеаполистин мэри Жейкоб Фрей шаарга өзгөчө кырдаал абалын киргизди. Миннесотанын губернатору Тим Уолц коомдук тартипти камсыздоого Улуттук гвардияны тартуу боюнча буйрук чыгарды.

АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттер” баракчасына Миннеаполиске Улуттук Гвардияны жөнөтө турганын жазды.

Жорж Флойддун окуясы

25-майда Жорж Флойддун автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду “унаадан алыс туруп тур” деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган. Ошондуктан окуянын чын-бышыгын айтуу азыр эрте.

“Полиция офицерлери анын колуна кишен салган учурда гана абалы оор экенин байкашкан”,-деп айтылды полиция тараткан маалыматта.

Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: “Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!” деп кайра-кайра айтып, “өлтүрбөгүлө” деп суранат.

Ошол жердегилер чогула калып, полицияны “муунтпагыла, дем алуусун текшергиле” деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, “Тез жардам” унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды.

Булак: Би-Би-Си

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь