Лейлек районундагы Лейлек эркин экономикалык аймагындагы 6 гектар жерге мунайды кайра иштетүүчү ишкана курулуп бүттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ишкананы куруу жана ишке киргизүү демилгесин көтөргөн жергиликтүү ишкер Нурбек Түркбаев, бул чоң долбоорду Кытай Эл Республикасынын жана Америка Кошмо Штаттарынын ишкерлеринин жардамы менен ишке ашырды.
Курулушка 1,5 млн АКШ доллары жумшалган.
Ишкана бир айда эки миң тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүүгө мүмкүн болот. Ал эми келечекте айына 5 миң тоннага чейин мунайды кайра иштетүү пландалууда.
Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Бүргөндү жана Арка массивиндеги мунайдын запасы 1,9 млн тоннаны түзөт.
Ишкерлер учурда «Кыргызнефтегаз» ААКнын Кайрагач участкасында бир айда өндүрүлгөн 1000 тонна мунайды кайра иштетип, андан сырткары, жакынкы чет өлкөлөрдөн бир айда 2000 тонна чийки мунайды ташып келип кайра иштетүүнү пландоодо.
Бул ишкана толук ишке киргизилсе мамлекетке жылына 90 млн сом салык төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ушундай Нурбек Түркбаевдей жергиликтүү ишкерлер региондорду которушот!!!
Баткен облусу бекеринен кенге баткан аймак деп саналбайт! Бул облустун бир гана корунуктуу жагы…