Белгилүү хирург Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди

421

Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине кирди.

Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннесте анын карьерасы 67 жыл, 181 күн деп белгиленген. Бул тууралуу Китептин расмий сайтында айтылат.

Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган. Сайтта Мамакеев медицинадагы жетишкендиги үчүн Кыргызстандын ардактуу атуулу экени да белгиленет.

Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргызстандагы Медициналык академияны бүтүргөн. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон.  Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган. 30 миңден ашуун операция жасап, 100 миңдей оор абалдагы бейтаптарга консультация берген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь