Бишкек-Ош учуу каттамы жанданып, бала бакчалар иштей баштайт

532

«Кыргызстанда 2020-жылдын 8-июнунан баштап ички рейстердин иши жанданат. Бишкек-Ош каттамы боюнча күнүнө бир жолу учууга уруксат берилет”, – деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ал эми бала бакчалардын иши 5-июндан тарта жанданат.

Бороновдун айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелердин иштеши атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин башталат.

“Маселен, мэрия жана тийиштүү органдардын кызматкерлери тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелери атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң гана ачууга уруксат берилет”, – деди Боронов.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь