Карызды реструктуризациялоо Өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берүүсү дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат.
Мындай пикирин президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кечээ болуп өткөн «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форум жөнүндө комментарийинде билдирди.
Эске салсак, форумда Сооронбай Жээнбеков учурдагы түзүлгөн кырдаалда өлкөлөргө БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууну колдоого байланыштуу үч этаптан турган сунуштарын билдирген.
Данияр Сыдыков Кыргыз Өкмөтү жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өз көз караштарын билдирип, тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өлкө өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөт деген ишенимин билдирди.
«Мындай тажрыйба дүйнөдө бар жана жетиштүү деңгээлде реалдуу», — деп жыйынтыктады Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.