Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун 2 судьясы иштен бошотулду

268

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү соттордун бир катар судьяларын кызматынан бошотуу тууралуу сунуштары түшкөн.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдери боюнча Мамлекет башчысы кол койгон Жарлыкка ылайык, Жалал-Абад облусунун Административдик сотунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары токтотулат:

— Каипова Нурила Кочкоровна;

— Мажитов Бакытбек Өмүрзакович.

Муну менен катар судьялык кызматка тандоо алкагында жана жаш курактык чегине (65 жаш) чейин дайындоо мүмкүндүгү боюнча аталган судьялардын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарылгандыгы маалымдалат.

Кийин 2020-жылдын 25-майында мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу алардын ыйгарым укуктары токтотулган.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь