Рыскелди Момбеков өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкканын катуу сындады.
Премьердин өзгөчө кырдаал убагында өргүүгө кеткенин мамлекетке жасаган чыккынчылыгы деп эсептейт Момбеков.
“Эргүүгө кеттиби же тергөөгө кеттиби кеп анда эмес. Согушта аскерин таштап, качып кеткен аскер башчысындай эле болду. Элди карантинге камап коюп, өзү кымыз ичип эс алып жүргөнү жоопкерчиликсиз кадам. Жыштык боюнча отпуска эмес, биротоло отставкага кет”,- деген пикирин Жабырак.ТВга берген маегинде айтты.