28-майда саат 17:50дө Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагында Ноокат-Папан унаа жолунун 1-чакырымында “Hyundai Porter” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 1957-ж.т. эркек киши каза болгонун өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
КР ӨКМнин №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.