Стамбулда жума намазга эл чогула баштады

327

Түркияда мурдагы жашоо кайрадан калыбына келе баштады. Бүгүн 29-майда Стамбулда жума намаз жамаат менен окулуп, эл мечитке чогулганын “Комсомольская правда” түз эфирде көрсөтүүдө. Видеодо көрүнүп тургандай, бардыгы беткап кийип аралыкты тыкыр сактоодо, ошондой эле укук коргоо органынын кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп жатат.

Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 1-июндан тарта карантиндик чектөөлөр жумшартыларын билдирген. Шаарлар аралык каттамдар ачылып, пляж жана улуттук парктар иштей баштайт. Мындан тышкары ресторан, кафе, бассейн жана спа-салондор ишмердүүлүгүн улантат.

16-марттан бери өлкөдө мечитте чогулуп намаз окууга тыюу салынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь