Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул үчүн өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып келүү керек:
1. «Бурана» комплекси
2. «Өзгөн» комплекси
3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
4. «Сары Челек» коругу
5. Манастын күмбөзү
6. Сан Таш
7. Сказка каньону
8. «Арсланбап» улуттук коругу
9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
10. «Шах-Фазиль» күмбөзү
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, сынакка катышуу үчүн аталган жерлерден сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү Министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыяласа болот.