Президент Жээнбеков Москвада өтө турган Жеңиш күнүнө арналган парадга катышат

283

Президент Сооронбай Жээнбеков Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парадга катышаары күтүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.

Буга чейин Орусиянын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары 24-июнга белгиленген парадга Жээнбеков келерин жазып чыгышкан.

26-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдык мааракесине арналган парад 24-июнда өтөрүн билдирген.

Быйыл орус бийлиги Жеңиш күнүн ири иш-чаралар менен белгилегени жаткан. Москвадагы парадга 15 миңдей адам, 400дөй техника каражаты чыгарылмак жана Франциянын, Индиянын, Кубанын, Венесуэланын, Чехиянын лидерлери парад көргөнү келерин айтып, убада беришкен. Бирок коронавирус пандемиясынын айынан 9-майда парад өтпөй калган.

Илдеттин айынан Кыргызстанда да массалык иш-чаралар уюштурулган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь