Бүгүн 30-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлүүдө

357

Окуу жылынын аяктаганына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнен билдирди.

Бүгүн 30-майда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн иш-чарасы онлайн форматында өткөрүлүүдө. Алардын майрамдык салтанаттарды билим берүү мекемелеринде, эс алуучу жайларда өткөрүүсүнө тыюу салынган.

Буга байланыштуу тартип бузуучулуктун алдын алуу максатында Жалал-Абад милициясы коомдук жайларды көзөмөлгө алып жатат. Бүтүрүүчүлөрдүн көчөлөрдө автоунаалар менен жүрүүсүнө, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда, көлмөлөрдө майрамдык кечелерди өткөрүүсүнө уруксат берилбейт.

Милиция кызматкерлери таң эртеден кайгулдоо багыттарына бөлүнүшүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ата-энелерге өз балдарына көзөмөл кылып, жаштардын топтошуп эс алуусуна жол бербөө керектиги эскертилип жатат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь