Индиянын ооруканаларында орун жетишпей бейтаптар жерде жатышат (сүрөт)

289

Индияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны өсүп жатат. Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, акыркы бир суткада 6500 адамдан вирус аныкталып рекорддук көрсөткүчтү түзгөн.

Индияда ооруга кабылгандардын жалпы саны 168 миң адамга жетип, 4,8 миң адам каза тапты.

Айрым штаттарда жана шаарларда карантиндин мөөнөтү дагы эки айга узартылуусу күтүлүүдө. Индиялык журналисттер Мумбайдын ооруканаларында бейтаптар толуп, кээ бири коридордо картондун үстүндө жаткандарын чагылдырышты.

“Мумбайда мамлекеттик ооруканалар толуп калды, койкалар жана медперсоналдар жетишсиз. Орун жетишпегендиктен бейтаптар жерде жатууга аргасыз болгон көрүнүштөр болууда. Менчик ооруканаларга эмне болду?“,- деп суроо салат жергиликтүү ЖМКлар.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь