Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Бакыт Шаршембиевдин үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Тинтүү 29-майда Аскер прокуратурасы тарабынан радио жыштык сатуу боюнча кылмыш ишинин алкагында болгон.
Буга чейин, коррупцияга байланыштуу шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова кармалып, 12-июлга чейин камакка алынган. Ал уюлдук оператор жана Байланыш мамлекеттик комитети менен бирге сүйлөшүп алган деп айыпталган. 22-майда бул ишке тийиштиги бар делип УКМКнын эки кызматкери кармалган болчу. Жалпысынан беш адам кармалды – МТБМКнын 2 кызматкери, УКМКнын 2 кызматкери жана Ala-TV бир кызматкери.
Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин 2018-2019 жылдары жетектеп турган.